ЖамандабаЖамандаба элиңди!
Эсиңден чыгарба ким экени!
Жамандаба жериңди!
Эч качан унутпа эне-тилиңди!
Эй...эй... замандашым ачууланып шашылба!
Өз элиндин дарегине жаман сөздү айтууга.
Өтө кыжырланып жиниң кайнап каныңда,
ИшенбеймБолом деп жаныңда
Бүт баарын кечкем
Намысты дагы
Кучагың дары сезилген
Менин муз жүрөгүм мээримиңден эригенде ишенгем!
Сенин сулуулугуңа терең чөмүлүп
Бир өзүңө арнаган элем өзүмдү
Мамиледе өзгөрдүң баары көрүңдү
Кечир Бизди АялзатАялзат- бул сенин энең, кызың, эжең, карындашың,
Анда неге алар сыздап ар күн сайын төгөт жашын?
Ага себеп эркектер төш каккылап чектен ашып,
Иштетпеген өз акылы менен ийиндеги башын.
Өзүңдү өйдө коюп аялзатын басынтасың,
Аялзаты сени адам кылгандыгын унуткансың!
Зордук, зомбулуктун баарын үй ичинде жарышасың,
Кудай сени сени урганда айтчы кайда жашынасың?
Орун БарБир, эки, үч дегенде оюн башталды
Бийлеген сүйгөндөрдүн ойу орундалды
Музыка агымы заматта күч алды алды да
Тегеректи турганды бир ыргакка салды
Мына кетти сыйкырдуу кыймыдап сулуулар
Калбай четте аларды коштоду мырзалар
Аракеттен сен деле бийле жөн турба
Ооба, сага дагы орун бар!
ПериштемПериштем, көңүлүмдү ээлеп алдың
Периштем, жүрөгүмө күйүт салдың
Периштем, а балким сени сүйүп калдым
Периштем... Периштем...
Периштем, чырайы келишкен,
Кымындай тартымбайм сенин жаныңа келишкен.